Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы каралган. Анын жыйынтыгында сот саясатчыны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Белгилей кетсек, УКМК өткөн жылы 22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматовду кармаган. Жактоочусу ага аймак аралык кастыкты козутуу боюнча айып коюлуп жатканын кабарлаган.