Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон.