Кыргыз-Орус Славян университети Садыр Жапаровдун аталган окуу жайда билим алганын тастыктады (аудио)

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаганы тууралуу маалыматтар чыккан. Аталган окуу жайдан өлкө башчынын окуганын тастыкташты.

"Коомчулуктун кызыгуусу арткандыктан, Жапаров Садыр Нургожоевич 2006-жылы аталган окуу жайдын юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктагандыгын Кыргыз-Орус Славян университети расмий тастыктайт.

Ал 2006-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук макамы” деген темадагы дипломдук ишин "эң жакшы" деген баага жактаган.

Окуу жайдын бардык студенттери сыяктуу эле Садыр Жапаровго кыргыз жана орус үлгүсүндөгү дипломдор тапшырылган", - деп билдирди окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун Кыргыз-Орус Славян университетиндеги тайпалаштары кимдер экенине кызыккан. Ал "Садыр Жапаров 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган экен. Бул жылы мен дагы окууну аяктагам. Биз университетте бир жолу дагы жолукпаптырбыз. Анын тайпалаштары кимдер? Жооп бергиле", - деп жазып калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан