"Мектептерим, окуучуларым... күт мени". Камактагы Орхан Инандынын каты жарыяланды

Түркияда камакта отурган "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын каты жарыяланды. Кат 2022-жылы 12-январда "Күтө тур, мен келем" деген тема менен жазылган. Катты жактоочу Таалайкүл Токтакунова социалдык тармакка жарыялады.

"Жаркын келечегибиздин кепилдиги болгон кооз мектептерим, урматтуу окуучуларым, бүтүрүүчүлөрүм, ата-энелерим, досторум, Ала-Тоом, Бишкегим, ата-бабадан калган Кыргыз жерим, берекелүү Ысык-Көлүм, ак кемем, күт, келем.

Сулайман Тоосуна жүзүн салган сүйкүмдүү Ошум, Кадам-Жайым, көкүрөгүндө Шах-ы Мердан бар Исхак атанын элеси, Кызыл-Кыям, багыңда тентип кетем, Жалал-Абадым, менин жаңгак токойлорум, күтө тур, мен келем.

Жолдо Жайыл Баатырга токтогон Таласым, карлуу тоолорду ашып Суусамырда сүт ичтим. Дүйнөдөгү эң узун дастаным Манас атам, Таласым, күт мени, келем.

Өрөөндү карап Алланы эстеген Жусуп Баласагынга аманат болгон сулуу Төкмөлүк. Долонум, Жибек Жолунун дарбазасы Теңир-Тоо, назик сүйүүгө тойбой турган кооз жерим, күт, келем. Кыргызды тааныткан ата мекеним, Курманжан Датканы дүйнөгө көтөргөн Чыңгыз агам, Дүйшөнүң болом. Ыймандуу досторум, сүйгөнүм, күт, келем.

Желегин желбиретип жамандын душманы болом. Көбүрөөк мектептерди ачып, жүрөккө кирем. Келечегибиздин кепилдиги жаштарыбыз үчүн жашайм. Келечек бүгүнкүдөн жакшы болот деген ишеним менен келем.

Орхан Инанды 12.01.2022. Буюрса... Анкара-Синжан", - деп жазылат катта.

Маалымат үчүн:

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган. Былтыр ноябрь айында анын камактагы мөөнөтү узартылган.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bishkek-Kg
2022-01-22 19:41:06
Феточулар (Гюленчилер) эми өллө күтөтта бул террористти!!!
-12
adilbars
2022-01-22 20:35:22
Тилегине жетсин!
+14
Datka7777
2022-01-22 20:42:13
Келбей калды го, бул батукаеаге окшоп Кыргызстан турмосундо жатса бир жон
+7
Monsterbek
2022-01-22 20:53:54
Мен, Корейлердин мектебинде корей тили менен анлис тилин уйронгом. Ал жакта да Баптист диндерин карманчу бирок эч бир балага дин жонундо угуттоо жургузчу эмес! Айтайын дегеним Феточу болобу же дагы башка нерсеси болобу эгер мектеп жакшы билим береби, барып уйронуш керек. Керегин ал дагы керек эмесин уйронбой кой! Мисалы IT тармагын же башка тармактарды уйротсо барып уйронуш керек анын жаман нерсеси жок
+9
Belek1710
2022-01-22 21:29:14
Ыйлагың келет го, бечара.
+15
Aza2100
2022-01-22 22:02:45
Башка улуттун өкүлү болсо да Кыргызстан жөнүндө жакшы жазыптыр
+14
rahat73.
2022-01-22 22:39:28
Билимге кошкон салымы чоң
+18
XATSAN125
2022-01-22 22:40:30
Олумуш боло бербесинчи
-14
XATSAN125
2022-01-22 22:40:53
Мындан болок масале тугонуп калгансып
-14
Meken.kg
2022-01-22 23:02:19
Эх агай билимдууну билимсиз адам тушунбойт
+12
Kaary
2022-01-23 04:37:41
Кудай Таала, өзү сизге жар болсун! Эртерээк бошонуп, кайрадан өз ордуңузга келиниңиз! Бул да бир Алланын сыноосу. Кыргызстанга кошкон салымы чоң, бул кишилердин. Эки дүйнө бактылуулугун берсин Жараткан!
+3
aliya-leyla
2022-01-23 11:12:28
ыр жазыптыр да түркчө, мен да кыргызча кат жазыптыр депмин
+1
Tiken
2022-01-23 11:39:51
Бул кишинин коптогон окуучулары жетишкен, ийгиликтуу, жашоодон ордун тапкан Адам боло алышты. Билимдин дыйканы десе болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан