"Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго куралдуу кол салуу болду" деген маалымат такталууда. Муну бүгүн, 20-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Ал эми парламенттеги "Ата Журт" фракциясынын катчылыгынан бул боюнча маалыматтары жок экендигин айтышты.
Эскерте кетсек, бир нече мүнөт мурда аталган депутатка куралдуу кол салуу болгондугу боюнча маалымат социалдык түйүндөргө чыккан эле.