"Карандай калп!". Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун иликтөөсүндөгү маалыматтарды четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча билдирүү жасады. Анда Ташиевдер тууралуу Temirov Live каналынын иликтөөсүндөгү маалыматтар карандай калп экени айтылат.
Төмөндө УКМКнын төрагасынын билдирүүсү толугу менен:
"Урматтуу эл-журт! Темиров Live аттуу сайттын мен жөнүндө айтып жатканы карандай калп! Мен эч качан мамлекеттен бир сом уурдаган эмесмин жана мындан кийин да ушундай болот. Бул менин турмуштук терең позициям! Каалагандай комиссия түзүп, барып текшерсеңер өзүңүздөр ынанасыздар! Ошондуктан мени каралап, жалаа жабууга аракет кылганыңар жөн эле убаракерчилик. Мен өзүмө ишенем жана элим, журтум, мамлекетим үчүн аягына чейин таза, пайдалуу гана иш жасайм.
Ал эми КНГ жана КПК ишканалары боюнча маалымат билдирип коёюн.
1.КНГ ишканасы 2020-жылы 564 миллион сом, ал эми 2021-жылы 2 миллиард сом киреше тапкан.
2.КПК (нпз) 2020-жылы 40 миллион сом чыгым болгон, ал эми 2021-жылы 200 миллион сом киреше тапкан.
Мындай экономикалык көрсөткүч 30 жылдык тарыхыбызда биринчи ирет болуп жатат. Себеби коррупциялык элементтердин баары жоюлган.
Ал эми КПКнын жетекчиси болуп 2021-жылдын башынан бери иштеп жаткан Байгазы Матисаков менин жээним болот. Атасы жаш кезинде көз жумган. Өзүнүн жеке күчү менен Орусиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экендигин элдин баары жакшы билет (ичпейт, чекпейт, беш маал намаз окуган, бирөөнүн акысын жебеген, өтө кайрымдуу).
Мамлекетибиз тарабынан коюлган тапшырмалар ашыгы менен аткарылды жана алдыда мамлекет тарабынан мындан да көп тапшырмалар таза, акыйкат аткарылат деп ойлоймун.
Өздөрү коомго, мамлекетке пайдалуу эч кандай иш жасабайт да, иштеген адамдарды көрө албагандар ар түрдүү ушактар менен алектенип келишет.
Урматтуу эл-журт, мен жана менин жакындарым эч качан элден уурдаган эмес жана мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап эмгектенип келебиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан