Өлкө аймагында 72 миңге чукул адам эмдөөдөн өттү

Акыркы суткада өлкө аймагында 2 миң 575 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, эмдөөдөн өткөн 2 миң 575 адамдын ичинен 680и вакцинанын II дозасы менен эмделди.
Республика боюнча жалпы 71 миң 774 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 22 миң 520сы вакцинанын II дозасын дагы алышты.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2021-05-23 18:46:42
Вакцинадан кийин катуу ооруп калгандар жөнүндө да жазгыла сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан