Ырчы Анжелика башында турган ыктыярчылар 85 миң доллар каражат топтошту. Ал каражатка кычкылтек концентраторлору алынат

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кошумча медициналык жайлар ачылып, медициналык каражаттарга муктаждыктар жаралды. Буга байланыштуу кайрымдуу адамдар өз ыктыярлары менен акча топтоп, саламаттыкты сактоо тармагын керектүү болгон медициналык каражаттар менен камсыз кылууну демилгелеп чыгышты. Алардын катарында ар тармактын өкүлдөрү бар.

Алсак, ырчы Анжелика башында турган ыктыярчылар аз убакыт ичинде 85 миң долларга жакын каражат чогулта алышкан. Бул тууралуу ырчы видео отчёт даярдап, чогулган акча эмнеге жана кайда жумшаларын айтып берген.

Айтымында, топтолгон каражатка кычкылтек концентраторлорун алууга буюртма беришти.

Буга чейин жеке ишкер Адылбек Асанов кычкылтек концентраторлорун алууну демилгелеп, 70 даана жабдыкка буюртма бергенин, буюрса келе жаткан аптада жабдыктар өлкөгө жеткирилерин айткан. Ишкердин демилгесин ырчы Мирбек Атабеков дагы колдоп, үй-бүлөсүнүн атынан эки жабдыкка каражат которгон.

Анжелика башында турган ыктыярчылар тобу 85 миң долларга чукул каражат чогултушту
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Avrora2017
2020-07-05 00:40:24
Молодец Анжелика кыздарын менен ар дайым аман эсен бол
+11
rususu
2020-07-05 00:46:54
Анжелика жана демилгечи топко рахмат.
+12
Shef87
2020-07-05 01:00:18
Азаматтар апарат тезраак келсе көп адамдын өмүрүн сактап калат буйруса
+10
jalguzum
2020-07-05 01:04:54
Эн жакшы. Каяктагы мамлекеттин счётуна которгондон коро ушуларга которсо жакшы результат корсотушот.
+12
aydinnur
2020-07-05 01:11:19
Ушул карындашым эр экен да,созго сынбаган кайраты тоодой!Азаматсын гана дейбиз карындашым!Бок курсак чиновник"чимкириктерди"артка таштадын..Алар элден уурдаганын подачка кылып "жем чачып"жатышат.Сеники тушунгон кишиге тоодой эмгек,уюштуруу,ар кимдин аманат акчасын коротпой сактоонун озу эле чон эмгек..
+12
AidaKurman
2020-07-05 09:59:35
Азаматсын Анжелика. Сен кылып жаткан ар бир жакшылыгын, сага кудайдан мин эселеп кайтсын. Ар бирибиз ушул оорудан аман эсен кутулалы.
+4
ulan030484
2020-07-05 10:22:56
Молодцы
+3
ulan030484
2020-07-05 10:23:14
Прям слов нет
+4
tular
2020-07-05 11:20:07
Эми бул акча каражатты өзүңөр гана сатып алып бергиле, бок курсактарга жеткирбегиле!!! Чимкириктердин көздөрү кызара түштү окшойт! Акча топтогондорго Алла ыраазы болсун! Чимкириктерге жети атасына чейин наалат!!!
+4
HHFRU
2020-07-05 11:32:35
Чоң рахмат, кайдыгер калбагандарга! Эртерээк эле оорууну жеңсек экен, Кудай.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан