Садыр Жапаров Ташиевдин маалымат жыйыны боюнча: "Өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир"

Президент Садыр Жапаров 22-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган акын Болот Назаров менен журналист Болот Темировдун ишинин адилеттүү териштирилишине тыкыр көзөмөл салат. Бул тууралуу Фейсбуктагы Садыр Жапаровдун расмий аккаунту деген баракчага билдирүү жайгаштырылды.
"Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам.
Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар.
Камчыбек Кыдыршаевич ушул маалымат жыйынында өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир. Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. "Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели" деп эң туура айтты. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык. Мындан ары журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен. Андан кийин акын Болот Назаров дагы кармалганы кабарланган.
Бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берип, анда "Болот Темировдун кеңсесинен баңги затын таратып жатат" деп бир, эки адамдын жазган арызынын негизинде журналист менен акын кармалганын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан