Бүгүн, 24-январга карата республика боюнча 426 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде:
Илдет аныкталгандардын жалпы саны 195 820.
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 589 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Стационардык дарыланууда жалпы 1176 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 6780 бейтап бар.
Жалпы айыккандардын саны 183 517 бейтапты түздү.