"Даракты эмнеге кыйды?", "Кайра көчөт отургузсун!". Ырчы Анжелика 10 жылдан бери бак отургузуп келерин айтты

Ырчы Анжелика былтыр кыздары, курбусу менен Караколго бара жатып жол кырсыгына кабылган. Анда унаа тайгаланып, бир тарабы жолдун четиндеги бакка урунган. Быйыл 22-январда дал ошол бак жергиликтүү тургундардын, элдин колдоосу менен кыйылганы ырчы тарабынан белгилүү болду. Бул маалымат коомдо талкуу жаратып, социалдык тармактын колдонуучулары "Даракты эмнеге кыйды?", "Анжелика кайра көчөт отургузсун!", "Бакты кыйганда эле маселе чечилип калабы?" дешүүдө.

Аягы бүтпөгөн талкууга ырчы жооп жазып, 10 жылдан бери бактарды отургузуп келерин айтты.

"Мен бакты алып койдум, маселе чечилди деген жокмун. Мен да экологиянын сакталышы үчүн күрөшөм. Жашылдандыруу боюнча бардык акцияларга, кайрымдуулук иштерине жигердүү катышып келем. Кооптуу жерлерде турган чоң бак-дарактардын ордуна арча же мөмө жемиштүү бактарды отургузсак пайдалуу эмеспи.

Ал эми кечээги эски бактын кыйылышы менин Караколго келген күнүмө туш келип калды. Мен "Жашылдандыруу" ишканасынын чечимине чынында эле кубандым. Мен элим үчүн көп нерсе кылам. Эмне үчүн бул жөнүндө жазбайсыздар? Бүгүнкү күнгө чейин ооруканаларга керектүү дары-дармектерди сатып берем, Түп-Каракол жолуна кошумча видеокамера орнотууга, жол белгилерин жаңыртууга каражат бөлдүм.

Менин "Кыргызстандын багы", "Тазалык кыймылы", "Коом жана өсүмдүктөр" жана башка көптөгөн долбоорлорум бар. Бак эгерде зыян алып келип жатса, аны алып салып, жаңы отургузуп, туура багытта дагы үлгү көрсөтсөк болот", - деди ырчы.

Ырчы 22-январда жолдун четиндеги бакты кыйдырып, мал союп, ошол жерден каза тапкандарга куран окутту. Андан кийин жол кырсыгына кабылганда кызмат кылган ак халатчандарга ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
subhan80
2022-01-24 11:16:21
Анжелика сен Аллахтын ыразылыгы учун ниет кыл да жакшылык иштерин уланта бер адамдар учун кылсан эч кимге жакпайт адамдар бироонун жакшылыгын коро албайт
+10
Aimani
2022-01-24 11:23:44
Оздору кылбайт кылганды коро алышпайт. Буткон ишке сынчы коп. Биз кыргыздар ушундай калкпыз.
+6
Jelezo
2022-01-24 12:05:56
Азамат, кыргыз кыргызды көрө албайт.
0
rahat73.
2022-01-24 13:09:54
Анжелика Азамат кызсың сени менен сыймыктанабыз өткөн жылдагы сенин окуянда биз улам кудайдан суранып аттык аман эсен айыгып кетсин деп.Ал эми жол жээгиндеги бактар болсо кышында жолго көлөктө кылып тоңуп калып
-1
rahat73.
2022-01-24 13:12:53
Муз болуп көп кырсыктар болуп жатат алыш керек бактарды
-4
bond02
2022-01-24 15:43:43
rahat73.,причём дарак, же сен дарактын башы менен айдап журосунбу? Кышкы донголок сал, акырын айда ж.б.
+3
rahat73.
2022-01-24 19:53:49
bond02,жолдун баарын ошол дарактар талкалап жатат тоңуп Түп Ак суу тарапка келсең көрөсүң кар кандай жол кандай экенин сенден дөңгөлөк сурап атамбы
-1
KaGaH
2022-01-24 14:01:15
Көк мээлер
0
Belek1710
2022-01-24 14:37:14
Азаматсың, кербен жүрө берет.
-1
Haanykeim
2022-01-24 21:17:34
Жакшылык кылганды милдет кылып алыптыр..Бирөө үчүн эмес өзүң үчүн кыл.Ыраматылык Чубак ажы айткандай адамга жагам деп убара болбо,бир Кудайга жаксаң анан адамга жагасың..
+2
Birimdik5555
2022-01-25 01:11:08
Анан озун реклама кылбай эле койбойт белен, эл билбей деле калмак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан