АКШ Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын 149 миң 760 дозасын берди
АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын 149 миң 760 дозасы берилди. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.
Вакциналарды жеткирүү COVID-19га каршы вакциналарга бирдей жеткиликтүүлүктү колдоо боюнча эл аралык демилге COVAX механизми аркылуу уюштурулганы такталган.
"Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга коронавирустун туруштук берүү жөндөмүн берет. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элине вакциналар жана алардын өлкөнүн бардык жашоочулары үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн каржылоону колдоону улантат", - деген АКШнын Кыргыз жергесиндеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнө 2021-жылдын октябрь айында АКШнын өкмөтү тарабынан 250 миң доза Pfizer вакцинасы берилген.