Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин комитети Украинанын элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жок.
Идрис Кадыркулов журналисттерге элчи кызматына колдоо таппай калганы боюнча комментарий берди.
"Парламент комитетинде көп маселелер козголуп кетти. Талапкерлигим кайра бул кызматка сунушталса, карап көрөм", - деди ал.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги каралды. Анын талапкерлигине "макул" деп 3 депутат, "каршы" деп 4 депутат добуш берди.