Англис тилин окутуучулары үчүн макала сынагы жарыяланды

Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдордун (университет, колледж, профессионалдык лицей) англис тили мугалимдери үчүн макала сынагы жарыяланды. Бул тууралуу "Лингва" инновациялык билим берүү коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн окутуучулук тажрыйбасына негизделген оригиналдуу академиялык макала жазуу зарыл.

Талаптар:

  • Макаланын темасы: эркин форматта. Мисалы, сиз ар кандай жолдор менен окуу идеясын же окуу контекстинде натыйжалуулугун далилдеген көнүгүүлөрдү бөлүшө аласыз.
  • Макала 1000 сөздөн кем эмес болушу керек; макаланын аталышы жана аягында адабияттардын тизмеси болушу керек.
  • Сүрөттөр бар болсо, алар документте камтылууга тийиш, ал эми сүрөттөрдүн астындагы жазуулар окурмандарга кошумча маалымат бериши керек. Сынактын катышуучуларына таандык болбогон сүрөттөрдү колдонуу үчүн автордук укукту унутпаш керек.
  • Макала басып чыгарылып, Word документи катары тиркелген файлда linguaprograms@gmail.com дарегине жөнөтүлүшү керек. Word документинде автордун аты-жөнү, автордун иштеген жери, электрондук почта дареги, уюлдук телефон номери камтылышы абзел.
  • Макаланы берүүнүн акыркы мөөнөтү 3-февраль саат 17:00.

Сынактын жеңүүчүлөрү англис тили мугалимдери үчүн "Тегерек стол" журналынын атайын чыгарылышында басылып чыгарылат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.

Эске салсак, сынакты "Лингва" инновациялык билим берүү коомдук фонду АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин колдоосу менен уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayzhan12
2022-01-24 17:46:10
Англис тили – билимдин, өсүп өнүгүүнүн тили.
Англис, орус тилин билүү жакшы билим алууга жана ийгиликтүү болууга мүмкүндүк берет.
Англис тили соода жана бизнестин тили болуп саналат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан