Улан Ниязбеков Болот Темировдун кармалышы тууралуу: "Билимдүү азаматтардын баңги заттарды пайдаланып жатканы өкүндүрөт"

Иликтөөчү журналист Болот Темиров боюнча тергөө иштери акыйкат жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

"Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңги заттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок факты деген факты экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк.

Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдынкы, прогрессивдүү, билимдүү азаматтардын баңги заттарды пайдаланып, атүгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт. Экспертиза кашкайтып айтып жатат. Дагы бир баса белгилеп айта кете турган жагдайлар бар. Биз учурда кармалган жарандардын баңги заттарды кайдан жана кимден алышкандыгын, кимдер менен байланыштары болгондугун, айтор, баңги заттарга байланыштуу бардык жагдайларды тыкыр иликтөөнү жүргүзүп жатабыз. Тергөөнүн кызыкчылыктарына байланыштуу да жагдайлар бар. Мыйзам деген мыйзам, бардыгы мыйзам чегинде болот. Эң негизгиси иликтөө, тергөө иштери акыйкат жүргүзүлөт", - деди Ниязбеков.

Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.

Эртеси, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Ошол эле күнү төкмө акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан