Бүгүн, 25-апрелде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ак-Талаа районундагы "Ак-Тал Чат" постундагы абал менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкүл посттогу кызматкерлер менен пикир алышып, абал менен таанышты. Ошондой эле алардын тамак-ашына деп өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 10 миң сом берди.
Аталган пост облустун аймагындагы республикалык маанидеги 3 посттун бири. Бул жердеги кыймылды көзөмөлдөө максатында видео камера коюлган. Кирген-чыккан жарандар каттоого алынып, дене табы текшерилет. Эгер жарандардын дене табы жогору болуп, ооруга кооптуулугу байкалса экспресс-тест менен анализ алынат.
Облус жетекчиси посттордо нөөмөттө турган кызматкерлердин эмгеги зор экенин баса белгилеп, элге сабырдуулук менен кызмат кылып берүүлөрүн өтүндү.