Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 952 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 115 адам каза болсо, 5 миң 464 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 625 (айыккандар 1359);
Санкт-Петербург шаарында - 189 (айыккандар 86);
Москва облусунда - 158 (айыккандар 106);
Нижегород облусунда - 147 (айыккандар 156) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 5 миң адамдан коронавирус аныкталды. Анын 17 миң 414ү каза болсо, 821 миң 169у айыгып чыкты.