Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иликтөөсүндө айтылган Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компаниге» журналисттер тобу келди.
Бул жерде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков төртүнчү бийлик өкүлдөрүнө ишкананын иши, ага байланыштуу суроолорго жооп берүүдө.
Эскерте кетсек, бир нече күн мурда камакка алынган журналист Болот Темиров бул ишкана тууралуу иликтөө жарыялап, ал жерден азыркы бийлик мыйзамсыз 37 миллион сом пайда көргөн деп айтып чыккан.