Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иликтөөсүндө айтылган Жалал-Абад шаарындагы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасынын жетекчиси Байгазы Матисаков аталган иликтөө тууралуу пикирин айтты.
Ал иликтөөдө туура эмес маалыматтар айтылганын билдирди.
"Аталган иликтөөдө айтылган маалыматтардын баары жалган. Анда бизди нефти сатып мыйзамсыз пайда көрдү деген ишканага эч нерсе саткан эмеспиз. Бизге келсе баардык суроолорго жооп бермекпиз", - дейт Матисаков.
Ошондой эле ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни экендигин билдирди.
"Ал кишинин жээни экеним чын. Ал киши мага бирөөнүн эмгегин жебегенге, таза эмгектенге үйрөткөн", - дейт Матисаков.
Эскерте кетсек, буга чейин журналист Болот Темиров ютубдагы каналына ушул Жалал-Абад шаарындагы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы тууралуу иликтөө жарыялап, анда айрым саясатчылар бул жерден мыйзамсыз пайда көргөнүн айткан.