Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыла элек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовго кайрылганда белгилүү болду.
Шайырбек Ташиев бул боюнча комментарий бере элек. Анын жардамчысы комментарий берилбей турганын билдирди.
23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, иниси Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырарын айткан. "Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталганда иним өлкөдө эмес болчу. Аны мен чакыргам, шайлоого 2 күн калганда келди. Мен кечээ иним Шайырбек Ташиевди чакырып, үйдө бир эле саясатчы болуш керектигин айтып, депутаттык мандатын тапшыруусун сурандым", - деген ал.