Депутат Козуев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында иштегендердин тагдыры эмне болгонун сурады

Бүгүн, 25-янвпрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алишер Козуев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жоюлушу боюнча суроо берди.

"Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында штатта канча кызматкер болгон?" - деп сурады депутат.

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков бул купуя сыр экенин айтты. "Штат анчалык көп эмес болчу. Бул милдет биздин кызмат өтөп жаткан түзүмгө жүктөлгөн", - деди Мамасадыков.

Депутат ал жерде иштеген кызматкерлердин тагдыры эмне болгонун сурады.

Мамасадыков түзүм мурдагыдай өз жумушун кылып жатышканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан