Электр жарыгынын өчүшү. Саламаттыкты сактоо мекемелеринде абал кандай? Министрликтин жообу

Электр жарыгы өчкөн убакта саламаттык сактоо мекемелеринде көйгөй жаралган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Абалды жетекчилик көзөмөлгө алды. Керектүү учурда генераторлорго кошулду. Баары жакшы", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Социалдык тармактын колдонуучулары жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптар үчүн сарсанаа болуп жаткандыктарын жазып чыгышкан.

Эске салсак, Борбор Азияда электр чынжырчасында авариялык абал жаралган. Мындан улам өлкө аймактарында электр жарыгы өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан