Бүгүн, 25-январда өлкөдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Буга Борбор Азиядагы электр шакекчесиндеги авария себеп болгон.
Электр жарыгынын өчүшү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын беришти. Жыйында Акылбек Жапаров энергетиктер өткөндөн сабак алганын айтат.
"Биз жаралган мүчүлүштүктөрдүн баарын жоюуга даярбыз. Биздин энергетиктер мындай өзгөчө кырдаалдарга даяр экендигин көрсөттү. Алар 4 жыл мурдагы авариядан сабак алыптыр. Бүгүн 2 саатта электр жарыгын калыбына келтиришти. Энергетиктер өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүштү. Баары жакшы болот, кабатыр болбоңуздар", - деди төрага.