21-майда калкты тейлөө борборлору кайрадан иштеп баштады. Анда кайрылгандардын 70 пайызын чет элдик жарандар түздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Кечээ калкты тейлөө жайларына чет элдик жарандар көп кайрылды. Анткени алар Кыргыз өлкөсүнө келгенде мыйзам чегинде каттоону 10 күндүн ичинде жасашы керек. Бирок жакында эле өкмөт тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, чет элдик жарандар үчүн өзгөчө абал бүткөндөн кийин дагы 10 күндүк убакыт берилет. Андыктан дагы убакыт бар, шашпай келип каттоого турсаңыздар болот", - дейт Акын Мамбеталиев.