Депутат Арсланбек Малиев вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Урматтуу төрага, сиз жокто вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев жыйынды алып барды эле. Ал каалагандай одоно мыйзамды бузган. Кааласа депутаттарга 10 секунд берет. Каалабаса сөз бербей коёт. Регламентти бузуу боюнча карап коюу керек", - деди ал.