"Журналисттерге жем болобуз". Алтынбек Сулайманов БШКнын мүчөсү Эшимовдун кызматтан кетүү боюнча арызын кароону сунуштады

Депутат Алтынбек Сулайманов БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовдун кызматтан кетүү боюнча арызын кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азыр БШКнын мүчөсүнүн кызматтан кетүү боюнча арызын кароону күн тартибинен алып салуу маселеси көтөрүлдү. Ал былтыр өз каалоосу менен арыз жазган. 6-чакырылыштын комитетинен колдоо тапкан. Ошол мезгилде палатада каралбай калган. Себеби ал ошол кездеги "Кыргызстан" фракциясынын квотасы болчу. Бул фракциянын мүчөлөрү талапкер сунуштай албай, бул маселе калып калган. Бул резонанстуу иш. Өзү арыз жазган, урматтуу кесиптештер, уят болобуз. Жарым жылдан бери ал мүчө иштебей жатат. Бул кандай? Журналисттерге жем болуп калабыз. Биз анын арызын канааттандырып, жаңы талапкерди сунуштайлы", - дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан