2013-жылы 9 ай ичинде коомдук тамактануучу жайлардан массалык түрдө ууланган беш учур
катталды жана баарында ууланган адамдар эсен-соо сакайып чыгышты. Бул тууралуу 20-ноябрдагы маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо
министрлигинин коомдун саламаттыгын сактоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Сыдыков
билдирди.
"Жалал-Абад
областындагы Шамалды-Сай шаарчасында 7 мектеп окуучусу ууланды. Чоң-Алай
районунун Көк-Суу айылында 14 окуучу ууланганы тууралуу факты дагы катталган.
Мындан тышкары Бишкектеги "Эне-Сай" кафесинде 132 адам массалык түрдө
ууланып ооруканага жаткырылган. Акыркы мезгилде "Дордой" базарындагы
"Мадина" кафесинде жана Чүй областынын Панфилов районундагы
Вознесеновка айылында 25 бала ууланган фактылар катталган. Дарыгерлердин
тийиштүү көзөмөлүнүн жана өз маалында берилген жардамдын негизинде баары жакшы
айыгып чыгышты. Леталдык учурлар катталган жок",- деди Сыдыков.