Быйыл электрондук каттоодо кандай өзгөчөлүктөр киргизилди? Министрликтин маалыматы

Бүгүн, 26-январда электрондук каттоо боюнча маалымат жыйын өтүүдө.

Жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфаком" ишканасынын өкүлү Азамат Календеров электрондук каттоонун техникалык жагдайларын түшүндүрүп берди.

"Мурун ата-энелер электрондук каттоодо документтердин сүрөтүн сканерден өткөрүп, каттоого киргизишчү. Азыр болсо паспорттогу ИИН номерин жазып, баласынын күбөлүгүндөгү номерди жазып каттоодон өтсө болот. Быйыл жогорудагыдай жеңилдиктер каралды. Каттоодон өткөн соң паролду унутуп калган учурда ата-эненин фамилиясы аркылуу калыбына келтирсе болот", - деди Календеров.

Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баш болгон министрликтин өкүлдөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан