Мигранттар балдарын электрондук каттоодон өткөрө алабы?

Бишкекте электрондук каттоого алуу боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мигранттар балдарын кантип электрондук каттоодон өткөрсө болоруна токтолуп өттү.

"Мигранттар кайсы жерде жүрбөсүн балдарын электрондук каттоодон өткөрө алышат. Жогорудагы айтылып кеткендей, ал үчүн маалымат системасына кирип жеке маалыматын жазып, баласынын күбөлүгүнүн маалыматы жазылышы зарыл. Андан соң мыйзамдуу өкүлдөн (баласын карап калган адам) жана баласынан мектеп тууралуу сурап коюшу керек. Бул жерде электрондук даректи билүү маанилүү", - деди Жусупбекова.

Белгилей кетсек, электрондук каттоо 11-апрелде башталып, 24-июнда аяктайт. Ал эми каттоодон өткөн соң документтерди 1-августтан 15-сентябрга чейин кабыл алынган мектептерге тапшыруу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан