Жалал-Абадда 25 жаштагы келин жана 2 наристе ооруканага түштү. Алар тамак-ашка ууланганы божомолдонду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25 жаштагы келин жана эки наристе ууланды деген божомол менен ооруканага жаткырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, окуя 23-январда болгон.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Благовещенка айылынын 3 тургуну (1997-жылы туулган С. кызы А. аттуу келин жана 2020-жылы туулган А.А., 2018-жылы туулган А.Ө.) өздөрүн жаман сезишип ооруканага кайрылышкан.

"Алар үй шартында даярдалган (консервацияланган) салат менен тамактанышкан. Аталган жарандар Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар бѳлүмүнѳ ботулизм оорусуна күмөндөлүп жаткырылган, абалдары туруктуу", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан