Бишкекте 20-ноябрда өткөн маалымат жыйынында социалдык өнүгүү
министри Кудайберген Базарбаев "Кыргызстанда 552 миң пенсия жашындагы адамдар жашайт, ал жалпы калктын 9%ын түзөт" деп билдирди.
Анын
айтымында, 2013-жылдын биринчи жарым жылында калктын пенсия жаш курагындагы
бөлүгүнүн жашоо минимуму 4 120 сомду түзгөн.
"Кары
адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн министрлик социалдык долбоорлордун
сынагын өткөрүп жатат. Бирок өлкөдө иштебей жана Социалдык фондго взнос
төлөбөгөн адамдарыбыз дагы жок эмес. Мындай адамдарга пенсия чектөөнү эки жылга
артка жылдыруу максатында долбоор иштеп чыктык. Маселен, иштеп Социалдык фондго
взнос төлөгөн аялдар 58, эркектер 63 жашынан пенсияга чыгышса, иштебей жана
взнос төлөбөгөн адамдар 58 жана 65 жаштан пенсияга чыгышат",- деди ал.