"Туздалган бадыраң жешкен". Жалал-Абадда ууланган келин кош бойлуу экени белгилүү болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25 жаштагы келин жана эки наристе ууланды деген божомол менен ооруканага жаткырылган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаева бейтаптар эртең үйлөрүнө чыгарыларын белгиледи.

"24-январда Благовещенка айылынын тургундары ооруканага кайрылышкан. Тактап айтканда, 1997-жылы туулган С. кызы А. аттуу келин кош бойлуулуктун 17чи аптасында экени белгилүү болду. Ошондой эле 2020-жылы туулган А.А., 2018-жылы туулган А.Ө. наристе жаткырылган.

Алар туздалган бадыраң жешкен. Наристелерге сары суу (сыворотка) жасалды, ал эми боюнда бар келинге жасалган жок. Бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы жакшы, эртең үйлөрүнө чыгарылат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан