"Катачылык кетирсеңиз ачык сынга алам". Депутат Түмөнбаев президентке кайрылды

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Сизге чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Башкаруу системасына ылайык президенттин милдеттери чоң. Саясатыңызды иш жүзүнө ашырууда, кадр тандоодо өтө кылдат мамиле кылууңуз керектигин белгилегим келет. Азыркы күндө сизди жандап, резюме көтөрүп, кошомат кылган адамдарга кылдат мамиле кылууга чакырам. Буга чейинки башчыларды сазга батыргандар сиздин жаныңызда айланчыктап жүргөнүн коомчулук талкуу кылууда. Бул сынды думшмандык эмес, достун күйүп айтканы катары кабыл алыңыз. Мен сиздин жүргүзүп жаткан саясатыңыз менен реформаңызды колдойм, бирок айрым саясий маселелерде сиз менен көз карашым туура келбей тургандыгын жакшы билесиз. Катачылык кетирсеңиз ачык сынга алам", - дейт Акылбек Түмөнбаев.

Айрым маалымат булактары Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин жазып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан