Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда Сеулда журналисттерге “Кумтөр” боюнча сүйлөшүү процесстерин дыкаттык менен карап турганын айтты. Айрым кемчиликтерине карабай, өкмөттү отставкага кетирүү ою жок экенин да билдирди.
Парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу өлкө башчы буларга токтолду:
“Менимче, өлкөдө парламенттик башкаруу формасы сакталып калганы жакшы. Бирок ал үчүн парламент популизм жөнүндө ойлонууну токтотушу керек. Эгер парламент өзүнүн кыраакылыгын көрсөтүүнүн ордуна жалаң популисттик чечимдерди кабыл ала берсе, анда биз парламенттик башкарууга даяр эмес экенбиз. Парламент жоопкерчиликти моюнга алышы керек же жоопкерчиликти сезе тургандарга өткөрүп бериши кажет”,- деди Атамбаев.
Парламенттик башкаруу тууралуу кошумчалап: “Мен парламенттин популисттик чечимдерди кабыл алуу менен парламенттик демократияны жок кылып көмүп коюшунан корком”,- деди президент.