Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңеште “Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Айгүл Айдарова ант берет. Бул боюнча сунушту аталган фракциядан депутат Исхак Масалиев киргизди.
Депутаттар сунушту колдоп, бул маселени күн тартибине киргизди.
Айдарова түшкү тыныгуудан кийин жыйынга келди. Учурда жыйынга катышууда. Ал Орозайым Нарматованын ордуна келди.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарган. Бул тууралуу чечим 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болгон.