Алмазбек Атамбаев: “Кумтөр” келишиминен бир тараптуу чыксак эле маселе чечилип кетпейт”

"Кумтөр" экономикалык эмес саясий маселеге айланып кетти. Ишканадагы кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайыз кылуу талабы – популизм”. Муну президент Алмазбек Атамбаев Сеулда 20-ноябрь күнү журналисттерге билдирди. Ал “Кумтөр” боюнча өкмөттүн “Центерра” менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын жакшы деп атады. 

“Кумтөр” келишиминен бир тараптуу чыгуу маселесине токтолгон өлкө башчы: “Бир депутат айтып жатат "келишимдерден бир тараптуу чыгабыз дагы “Кумтөргө” өзүбүз кирип барабыз" деп. Бул деген мародёрчулук. Макулдашууну денонсациялоону эки тарап тең таанышы керек”,- деди.   

Атамбаев эгер “Кумтөр” боюнча келишим денонсацияланып калса, ал юридикалык жактан соттук иштер аяктагандан кийин гана күчүнө кирерин, ал эми сот иштери жылдарга созулуп кетиши мүмкүн экенин айтты.  

Эскерте кетсек, октябрь айында “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду Жогорку Кеңеш жарабайт деп тапкан. Көпчүлүк депутаттар аталган документ кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп бербей тургандыгын айтышты. Өкмөт “Кумтөр” боюнча канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүнү сунуштаган болчу. Өкмөткө кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга чейин жеткирүү талабы коюлуп, 2 ай убакыт берилген. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер өкмөт “Центерра” менен сүйлөшүүдө жакшы жыйынтыкка келбесе, анда кыргыз тарап келишимдерден бир тараптуу чыгууну демилгелейт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан