Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңеште энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы боюнча маалымат берүүдө.
"Кечээ , 25-январда саат 11:57де Борбор Азияда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Ошонун негизинде Казакстан, Өзбекстан, Кыргыз мамлекетинин аймактарында электр жарыгы жок болду. Ыкчам аракеттер көрүлдү.
Бүгүнкү күндө электр жарыгы өчүп калат деген коркунуч жок. Кээ бир үйлөрдө жылытуу боюнча мүчүлүштүктөр бар. Бүгүн булар кечке чейин оңдолот", - деди Бекмурзаев.