Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы боюнча Энергетика министрлиги маалымат берип жатат.
Анда депутат Русланбек Жакышов эл өкүлдөрүн жыйынга чакырууну же жыйынды токтотууну талап кылды.
"Кечээ Кыргыз мамлекетинде олуттуу окуя болду. Казакстан, Өзбекстанда дагы болду. Ушундай абалдан чыгып кеткен энергетика министрине терең ыраазычылык. 90 депутат атайын министрди чакырып, маалымат угуп жатабыз. Бул жерде 30 депутат отурат. Эмне деген кайдыгерлик? Кырдаал курч дейт. Баарын чакыралы же жыйынды токтотолу", - дейт ал.