- Нурсултан, социалдык тармактагы сүрөт, видеолоруңдан Америкада учкучтук өнөрдү үйрөнүп жатканыңды байкадык. Ушул тууралуу сурайлычы? Кыргыз жигит кантип АКШда пилот болгону турат.
- Ооба, азыр учкучтун лицензиясын алуу үчүн Американын Флорида штатындагы Дайтона-Бич деген шаарындагы атайын окуу жайда окуп жатам. Азыр баарыбыз убакыт деген эң кымбат ресурс экенин билип калбадыкпы?! Ошол логикадан алып окуусу тез боло турган шарттарды издедим. Бул жакта 1 же 1 жарым жыл ичинде сиз учкучтун лицензиясын алсаңыз болот.
- Учкуч болуу балалык кыял беле же...
- Жок, өзүм учак башкарып калам го деп таптакыр ойлонгон эмесмин. Мени бул жакка түрткөн нерсе ишкерлик болду окшойт. Учкучтук лицензияны алгандан кийин атайын келишимдердин негизинде жүк ташуучу учактарды лизингге алып, кыргыз логистикасына салым кошсомбу деген оюм бар.
- Нурсултан, ушул жагынан кенен токтоло кетсең... Ишкерлик, логистика деп калдың.
- Мен Кыргыз өлкөсүндө Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсүмүн. Жок, дароо ишкер болгонумдан эмес, ишкерликке кантип келип калганымды айтып берейин.
Окуу жайды бүткөндөн кийин мен ары ойлонуп, бери ойлонуп котормо агенттигин ачууну чечкем. Атайын тил билген адистерди бир жерге топтоп кызмат көрсөтө баштаганбыз.
Анан күндөрдүн биринде эле мага тааныш байкем телефон чалып, жүк ташыгыч машиналар – фуралары бар экенин, аларга жүк табылбай жатканын айтты. Кокустан эле... Мен дароо интернетке кирдим да атайын жүк ташуу, жүк жеткирүү тармагында иш алып барган сайтка жарыя берип койдум. Кардар дароо табылды да, тиги байкебиздин фуралары толуп калды. Аңгыча болбой эле Казакстандан чалышып тескерисинче жүк бар, бирок жүк ташуучу унаа жок дешти. Кайрадан издедим да Бишкектен фуралар менен камсыздаганга жетиштик. Анан тиги кардар рахматын айтып, ар бир фурага 100 доллардан төлөп берерин айтып, мен жаңыдан эле таап берген 3 фура үчүн 300 доллар карматты. Чынын айтсам, аябай көп акча сезилди. Анан калса бир күндө табылды. Укмуштуудай мотивация болгон.
- Демек, ошол мотивация ишкерликтин башталышы десек болот го...
- Ооба, абдан активдүү иштеп баштадым. Уюштуруу иштери туура жүргөндөн го дейм, аз убакытта 100дөн ашык фураны карамагыбызга алып, өлкөдөгү ири логистикалык компаниялардын бири болуп чыга келдик. “Дулдул” деп атадык.
- Айтканда бир заматта ийгиликке келип калгандай сезилет экен. Кыйынчылыктар да болгондур...
- Кыйынчылык эмес... Тепкичтер, этаптар деген сөздү колдонгум келип турат. Кыйынчылык десе бир оор нерседей го. Антип кабыл албаш керек го дейм. Сен өз ишиңде ийгиликке карай жолдо кандайдыр бир баскычты, этапты басып өтөсүң. Ошондой кабылдаган кызыктуураак, мотивацияны да өлтүрбөйт.
Ооба, бир нече баскычтардан өттүк. Бир өлкөдөн бир өлкөгө жүк ташыганда атайын уруксат кагаздарын алуу машакат жаратат. Башында бир аз ыңгайсыз болчу. Анан биз мамлекеттик тиешелүү жетекчилерди алып, алар менен биргеликте Түркия, Грузия өлкөлөрүнө барып ал жактардын транспорт министрликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, логистика тармагында иштеген кыргыз ишкерлерине көбүрөөк квота алууга жетиштик.
Андан сырткары коңшу Казакстан кээде кыргыз ишкерлеринин жүктөрүн фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүп, чек арада кармап калган учурлар болду. Болбосо, биз ошол эле Казакстан менен биргеликте ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Уюмдун ичиндеги мамлекеттерде жүктөргө фитосанитардык текшерүү жүрбөш керек деген жобо бар.
Бул боюнча да атайын иш тобун түзүп, мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте ЕАЭБдин деңгээлинде маселе көтөрүп жатып позитивдүү жылышка жетиштик. Кыргыз логистикасына абдан эле чоң салым болду деп ойлойм. Ал арада Украина менен Орусиянын мамилеси бузулуп, Украина аркылуу келген жүктөрдү Орусия кабыл албай фуралар бир топ убакыт чек арада күтүп калган учурлар болду. Ошондо да биздин мамлекеттик кызматкерлер менен тез арада маселенин чечилишин колго алып, кыргыз жүк ташуучуларын эртелеп алып чыгып кеттик. Ошондо Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу кошуна өлкөлөрдүн жарандары кыргыз ишкерлери аябай активдүүсүңөр, азаматсыңар деп мактаганын көрүп өзүмчө сыймыктанып алгам.
- Чындап эле сыймыктанчу жагдайлар бар экен. Ушунун баарын сурап келип, өзүң тууралуу жеке суроону бере кетпесем болбос? Өзүңдү жакшылап тааныштыра кетчи. Кай жердин кулунусуң?
- Мен Талас облусунун Кызыл-Адыр айылынан болом. 1992-жылы ошол айылда туулгам.
- Нурсултан, эми сөзсүз жаштарга ийгилик сырларын бөлүшө кетиш керек го...
- Албетте. Мен жана маегибиздин башында айттым го, убакыт эң чоң байлык болуп жатат. Дүйнө тез-тез өзгөрүп жатат. Андыктан мен жаштарга тез үйрөнгөн, бирок маянасы көп боло турган кесиптин ээси болгула демекчимин. Азыр аз убакытта сапаттуу билим берген окуу жайлар бар. Сөзсүз издениш керек. Анан активдүү болуш керек го дейм. Себеби активдүүлөр мүмкүнчүлүктөрдү биринчи көрүшөт, дайыма бир нерсе издеп жүрүшөт. Бул дагы артыкчылык.
- Эми Нурсултан, менде мындай суроо пайда болду? Кыргыз өлкөсү кичинекей өлкө, кичинекей өлкөдө соода-сатык да кичинекей болот да...
Жок-жок... Сөзүңүздү бөлүп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Бирок азыр деген глобализация заманы. Кыргыз өлкөсү ошол нерседен артта калбаш керек. Мен өзүм так ушул кыргыз логистикасы абдан кең-келечектүү тармак деп эсептейм. Буюрса, кыргыздардын дүйнөлүк логистикалык компаниялары пайда болот. Биздин эл баарын бат үйрөнөт. Жүк жеткирүү, жүк ташуу тармагы менимче кеңейип гана отурат. Кудай буюрса...
- Демек, жакынкы келечекте...
- Жакынкы келечекте учактар менен камсыздалган логистикалык дүйнөлүк компания түзүү ниеттерибиз бар. Пилоттун лицензиясын алуу максатымдын бирден-бир себеби ушул.
- Баса, бардыгы эле ошол учкучтун лицензиясын ала алышабы?
- Каалоосу барлар ала алышат. Эң башкысы каалоо, анан ден соолук болсо.
- Маегиң үчүн чоң рахмат, Нурсултан!
- Сиздерге да чоң рахмат.