Кайра шайлоо. Талапкерлер документтердин толук топтомун БШКга 30-январга чейин тапшырышы керек

Талапкерлер документтердин толук топтомун Борбордук шайлоо комиссиясына 30-январга чейин тапшырышы керек. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтердин толук топтому БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календарлык күндөн кечиктирбестен берилиши шарт. Ошондо 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Шайлоого катышуу үчүн 60 жаран БШКга арыз менен кайрылды.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан