Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын имараты урап жаткан видео тарады

Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулуп жаткан видеосу социалдык тармактарга тарады. Андан имараттын бир бөлүгү урап жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, декабрь айында "Ысык-Көл" мейманканасын бузуу иштери башталган. Ага чейин министрлер кабинетинин төрагасы жана башка бир катар чиновниктердин мейманкананын короосунда топтолуп, кой байлап турган видеосу тараган.

Кийинчерээк президенттин иш башкармалыгы "Ысык-Көл” мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалда болгондуктан имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эместиги белгилеген. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынарын маалымдаган.

Эртеси күнү SUPER.KG порталына өздүк булактар "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна президенттик администрациянын имараты куруларын айтышкан

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан