Ошто 75 орундуу жаңы бала бакчанын имараты пайдаланууга берилди (фото)

Бүгүн, 27-январда Ош шаарынын Туран аймактык башкармалыгынын Дача кичи районундагы “Ширинтай” бала бакчасынын 75 орундуу кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бала бакчанын ачылышына вице-мэр Венера Рыскулова, Туран аймактык башкармалыгынын жетекчиси жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Бала бакчага Ош шаарынын мэриясынын атынан интерактивдүү такта, ал эми Туран башкармалыгы тарабынан сыналгы белекке тапшырылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2 кабаттуу имараттын курулушу 5 айга созулуп, бардык шарттар түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан