Чек ара кызматы: "Төрт-Көчөдө абал салыштырмалуу чыңалууда"

Бүгүн, 27-январь саат 18:30га карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлүп жатканын Чек ара кызматынан билдиришти.

"Саат 17:30дан 18:00гө чейинки аралыкта Тажикстандын чек ара кызматынын чек арачылары бир тараптуу Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагындагы Баткен-Исфана унаа жолун жаап алышкан.
Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын алып УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын башчысы Рустам Миршакиров чыр-чатак орун алган жерге жөнөп кетишти", - деп жазылат билдирүүдө.

Баткен облусунун мамлекеттик чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Azat-123
2022-01-27 19:43:24
Кана жанагы сабаттуу азамат?
+2
akylbek.kg
2022-01-27 19:53:47
Бийликтин арам ойунун бир учу чыга баштадыго.
+1
Bek.v.aktatyr
2022-01-27 19:58:06
Атышуу болуп жатат минеметтун үнү угулуп жатат чын согуш
+5
Fernando_Torres
2022-01-27 20:09:41
Bek.v.aktatyr, кана видео
-4
Bek.v.aktatyr
2022-01-27 20:25:37
Fernando_Torres,караңгыда нени тартасың эч нерсе корунбойт
+3
Dembele84
2022-01-27 20:36:11
Fernando_Torres,Эшектин видеосу барбы
-1
elinur
2022-01-27 19:58:54
Бул жолу бир озунорду корсоткулочу, кандай кучко ээ экенсинер биз да мактаналы мындай башчыбыз бар деп
+3
Jaraisyn
2022-01-27 20:23:05
elinur, Өзүн көрсөтүш үчүн Баткен жери полигонго согуш талаасына айланыш керекпи? Кайра тынчтык болсун дебейсиңби?
+5
Datka7777
2022-01-27 20:13:00
Байрактарды уча турган мезгил келди окшойт
+4
bond
2022-01-27 21:01:11
Ар Ким оз иши менен Алек болуусу керек укмк каяктагы ушакты пайлап жургондон коро чек араны Кароосу керек эле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан