Кыргыз-Тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында ок атышуу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, алгач тажик аскер кызматкерлери ок чыгарган. Буга жооп кылып кыргыз чек арачылары да ок чыгарган. Жергиликтүү тургун учурда атышуунун үндөрү угулуп жатканын билдирди.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдиришкен.