Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалуу тажикстандыктардын унааларына кыргыз тараптан таш ыргытуусунан улам чыккан. Мындай маалыматты Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Исфара шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Зубайдулло Шомадов билдиргендей, баш аламандык Сомониён айылынан Чоркух айылына бара жаткан Тажик жарандарынын унаалары таш бараңга алынгандыктан чыккан. Азыр чек арага эки тараптан тең адамдар чогулду. Ок атышуулар болгондугуна карабастан абалды аскерлер менен коопсуздук күчтөрү кармап турат. Учурда Исфара-Ош жолу тосулуп турат", - деп жазылат билдирүүдө.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап минамет жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.