Саат 20:30га карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал чыңалуу бойдон. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
"Жеринде ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо максатында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Учурда чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.
Чыр-чатак орун алган аймактан элди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда Ош-Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.