Бүгүн, 27-январь күнү кечинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу аба чубалгысы үзүлдү. Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынан маалымдашты.
"Бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды. Азыркы кырдаалга байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок.
"Кырдаал турукташканда Баткен РЭТинин кызматкерлери аба чубалгыны оңдоп, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр.
Баткен облусунун башка аймактарында электр жарыгы бар, өчүрүүлөр катталган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда башка аймактарда эч кандай өчүрүүлөр жок, бардык райондор "Ош электр" ишканасынын көзөмөлүндө жана райондук электр тармактар ишканалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.