Саат 21:50гө карата Тажикстан тарап Кара-Бак айылы тарапка 3 БМП, 1 БТР, 5 миномёт жардыруучу оор техникаларын алып келди

Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажикстандын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР, 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жатканы кабарланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

"Саат 20:49да №2001 аскер бөлүгүнүн берген маалыматына ылайык, Көк-Таш айылындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатканын, ошондой эле Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде Тажикстандын чек арачылары тарабынан миномёт жана гранатомёт колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.

Саат 21:50 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылы менен чектешкен Тажик Республикасынын Ляккон айылынын чек ара постунда тажик аскерлери 3 БМП, 1 БТР, 5 миномёт жардыруучу оор техникалары менен даярданып жаткандыгын билдирген", - деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Fernando_Torres
2022-01-27 22:45:55
Баяарактарды көтөргүлө абадан сокку ургула танкатарын талкалагыла
+10
Asan007
2022-01-27 22:51:03
Силер коз салып олтура бергиле
+6
Kalmurzaev8900
2022-01-27 22:53:36
Тойгозду ушул тажиктер качан То сулат экен ээ чек ара эгер мен президент болгондо пескоблок менен тостуруп салмакмын
+4
Isken90
2022-01-27 22:54:08
Дагы карап отура бергилечи канча айылды кантип атат экен коз салып
+5
Bishkek-Kg
2022-01-27 22:58:37
Оозуңарды ачпай атпайсыңарбы силерда, эч ким эч нерсе кылбайт экенго!!!
+3
Fernando_Torres
2022-01-27 23:11:58
Bishkek-Kg,атышып атат деп турат атып атат деп эмес демек эки тарап атышып атат биримдикте болуп моблизация кылса бирин калбай чогулгула
+3
Jaraisyn
2022-01-27 23:19:37
Bishkek-Kg,Атып атат биздикилер да мен сага жеринен жазып атам. Тажик тарап кыргызды чочуткусу келип БМП, БТР деп 2 даанасын ары-бери чуркатып. Тажиктин тактикасы. Бизден да агрессия болуп кетсе чочутмак турсун талкалап салчу күч турат.
+3
Jaraisyn
2022-01-27 23:22:50
Оор техникалар ишке киришсе кыргын башталат тууганым. Сабыр кылалы. Мейли атпасын чекарага кирип келбесин деп туралы. Алар токтото бербесе биздикилер да жөн турбайт. Военный секрет болот. Сени менен мага билинбегени менен даярдык бар.
+2
Esenali
2022-01-27 23:27:22
Jaraisyn,туура бизден 10 эсе акылдуу 1 ай алдын эле лолулар окоп казып башташкан
+2
Jaraisyn
2022-01-27 23:45:59
Esenali, Булардын күчтүү колдоочусу бар. Бизге күлмүңдөгөнү менен Орус колдоп турат болуш керек. Техникадан көмөк көрсөтүп. Биздин сырыбызды алып алган, чырпык менен коркутуп коебуз булар унчукпайт деп. Мунусунда күчтүү кирип сазайын берип коюш керек. Мобилизация кылсын, чыгалы чекарада тирек болуу биздин атуулдук милдетибиз
+4
Tyttty1990
2022-01-28 00:37:13
Тажик нагло согушкусу келип кирип келди, ташиев бок жеп отурабы бербейби приказды. Вапще сөз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан