Коңшу Тажикстан Көк-Таштагы ок атышууну токтотуу талабына көңүл бурбай жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
"Саат 17:50 чамасында жарандар таш жүктөлгөн унаалар менен Төрт-Көчө аймагына келишкен. Тажикстандын жарандары Баткен-Исфана унаа жолун тосуу менен таштарды түшүрүшкөн. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында унаа жолу ачылган. Бирок маселе чечилгенине карабастан тажик тарап чек аранын Чыр-Дөбө аймагындагы башка тилкесинде кыргыз аскер кызматкерлерине миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарган. Андан соң Төрт-Көчө аймагында тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерлерине каршы курал колдонушкан.
Тажик аскерлеринин аракеттери жеринде макулдашылган. Бул провокацияга алдын ала даярдангандыгын тастыктайт", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМК мындан тышкары кыргыз тараптын ок атышпоо боюнча талаптары тажик аскерлери тарабынан этибарга алынбай жатканын билдирди.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.