Баткен районунун Ак-Татыр, Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуацияланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
"Лейлек районунун Кулунду, Максат, Сада айылдарында жашоочулардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды.
Ошондой эле Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн кооптуу чек ара аймактарында жашаган тургундар коопсуз аймакка эвакуацияланууда. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды", - деп билдиришти Баткен облустук администрациясынан.
Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.